• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Министр Базарбаев бир катар бизнес-идеяларды соцкелишимге киргизүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 18.05.23./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев токуу жана карапачылык өндүрүштөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-идеяларды социалдык келишимге киргизүүнү сунуштады.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, Кудайберген Базарбаев бүгүн Бишкекте өткөн “Лейлек килемдери - 2023” фестиваль-жарманкесине катышты.

Ал белгилегендей, колго жасалган килемдер бүткүл дүйнөнүн «жашыл экономикага» умтулуусун чагылдырат.

"Эмгек министрлиги тарабынан президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан "Социалдык келишим" долбоорунун катышуучуларынын бири учурда килемдерди жасоо менен алектенет. Ал өзү Лейлек районунан болот жана эмгектери буга чейин райондук, облустук фестивалдарга катышкан.

Кыргызстан “жашыл” экономикага багыт алганын эске алуу менен социалдык келишимдин алкагында токуу, саймачылык, карапа жасоо сыяктуу бизнес-долбоорлор колдоо табаарына ишенем”, – деди Кудайберген Базарбаев.

Пикир

Оставить комментарий