Министр Бообек Ажикеев Германиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэлла Гелилди кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ажикеев эки өлкөнүн дипломатиялык байланышына ийгиликтерди каалап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташуу жана тоолуу өлкөдөгү мөңгү маселесине токтолуп, кыргыз-герман кызматташтыгын өркүндөтүүнү басым жасады.

Өз кезегинде Габриэлла Гелил куткаруу иштеринин маанилүүлүгүн, табигый тобокелдиктерди кыскартуу жаатында эки тараптуу кызматташтык уланарын белгилеп, Кыргызстан тоолуу өлкө катары мөңгү – таза суунун булагы экенин айтты.

Бүгүнкү жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеген тараптар кызматташуунун алкагында климаттын өзгөрүлмөлүүлүгү, глобалдык жылуулуктун мөңгүгө тийгизген таасирлери, табигый мүнөздөгү кубулуштардан пайда болгон кырсыктардын тобокелдиктерин алдын алуу жана жоюу, аны менен бирге Кыргызстандагы мөңгүгө байланышкан маселени кызуу талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий