• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Министр Чолпонбаев: Өлкө аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок

Ден соолук 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстандын аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, вирусту аныктай турган экспресс-тесттердин саны жетиштүү.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кытай Эл Республикасында илдетке чалдыккандардын арасында биздин мекендештер жок.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ар кандай вирустук инфекциялардын алдын алуу максатында өздүк гигиенаны сактоо боюнча мектептерде жана бала бакчаларда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий