Министр Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүз районундагы орто мектепке барды

Билим 0

Бишкек, 04.01.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Б.Исмаилов атындагы орто мектебине барды.

Ведомстводон билдиришкендей, орто мектептин I корпусу 1976-жылы курулса, 125 орундуу II корпусу 1987-жылы курулган. Учурда мектепте 215 окуучу билим алып, 24 мугалим эмгектенет. Мектеп стандартка жооп бербегендигине байланыштуу 275 орундуу типтүү мектепке муктаж.

2023-2024-окуу жылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы сметалык баасы 36 млн 300 миң сомду түзгөн жаңы спорт залдын курулушу башталган.

Пикир

Оставить комментарий