Таалайбек Ибраев энергетика тармагынын ардагерлери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда Энергетиктер күнүнө карата министр Таалайбек Ибраев энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирет.

Жолугушууга “Улуттук энергетикалык холдинг” ААК башкармалыгынын төрагасы, “КУЭТ” ААКтын башкы директору жана энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы жетишкен ийгиликтер, алдыдагы пландар тууралуу кеп кылып, андан соң энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Энергетика системасын түптөп жана аны өнүктүрүүгө кошкон зор салымыныздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер түптөгөн энергетика тармагын биз кийинки муунга татыкту өткөрүп беришибиз керек. Учурдагы иштеп жаткан энергетиктер ар дайым сиздер менен бирге болууга аракет кылабыз. Себеби, сиздердин кеңеш, тажрыйба сиз үчүн өтө маанилүү. Энергетика кесиби чоң күчтү, кайраттуулукту жана токтоолукту талап кылат. Бул кесип көптөгөн жылуу сөздөргө жана урмат-сыйга татыктуу. Тармактын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет жана жан аябаган эмгеги учун ыраазычылык билдирем"- деди министр.

Пикир

Оставить комментарий