Министр Жаныбеков өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Быйыл Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугу жаатында алдыга койгон максаттарга жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, министрлик республиканы негизги делген айыл чарба азыктары менен камсыз кылууга жетишти.

“Былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч жогору. Алсак, былтыр азыктык буудай менен өзүбүздү 40%дын тегерегинде камсыз кылган болсок, быйыл бул көрсөткүч 72%га чыкты. Ошондой эле быйыл кант кызылчасынын аянты азайганына (10,2 миң гектардан 9 миң гектарга) карабастан, өндүрүлгөн кант былтыркыга салыштырмалуу 25%га көбөйүп, ошону менен биз өзүбүз өндүргөн кумшекер менен 65%га, ал эми жумуртка менен 56% камсыз болдук”, - деди ал.

Мындан тышкары, министр негизги азык болуп саналган сүт, картошка жана жашылчалар менен былтыр дагы өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганыбызды, быйыл бул позицияга эт дагы дээрлик киргенин белгиледи.

“Быйыл биз Кыргызстанда өндүрүлгөн мал жана канаттуулардын эти менен 89%га өзүбүздү камсыз кылдык. Кыргызстанда көрсөткүчтү артка тартып турган бул өсүмдүк майы. Өсүмдүк майы менен былтыр 12%га гана камсыз болсок, быйыл бул көрсөткүч 20%дан жогору болду”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий