• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Министр Жээнбек Кулубаев Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү талкууланды.

Ошондой эле алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларга, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий