• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Минкаб Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо киргизилгендигин эскертет

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын 25-июнунан тартып Кыргызстанда мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) мобилдик түзүлүштөрдү милдеттүү түрдө каттоо киргизилгендигин эскертет.

Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 2022-жылдын май айында бекитилген.

Идентификациялоонун бекитилген тартибине ылайык түзүлүштөрдүн негизги массасын Кыргызстандын аймагына сатуу же башка ишкердик кылуу максатында ташып келүүдө импорттоочулар каттоого тийиш. Бул демилге керектөөчүлөрдүн укуктарын жасалма түзүлүштөрдү сатып алуудан жана пайдалануудан коргойт, мобилдик байланыш кызматтарынын ачык-айкын жана коопсуз рыногун түзүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптештирүүгө жана алдыңкы технологияларды коомдун жыргалчылыгы үчүн колдонууга болгон умтулуусун көрсөтөт. Мамлекеттик идентификациялоо системасын киргизүү жасалма жана колдонууга кооптуу түзүлүштөрдү алып келүүнү азайтууга олуттуу таасирин тийгизет, бул өз кезегинде мобилдик телефондорду мыйзамсыз пайдаланууну жана уурдоону кыйла азайтат.

Кыргызстандын рыногуна сатуу же башка ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында ташып келинүүчү аппараттар импорттоочулар тарабынан милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Ошондо, Кыргызстандын ичинде сатууга мыйзамдуу түрдө алынып келинген, колдонууга коопсуз жана IMEI-коду* боюнча катталган уюлдук телефондорго гана уруксат берилет.

*IMEI-код — бул SIM-картасы менен ар бир аппаратка ыйгарылган, анын идентификатору катары кызмат кылган эл аралык уникалдуу 15 сандуу номер.

Системанын жөнөкөй колдонуучу үчүн кандай артыкчылыктары бар?

Система алынып келинүүчү түзүлүштөрдүн түп нуска экендигин текшерет жана Кыргыз Республикасынын рыногунда түп нуска мобилдик телефондордун гана сатылышын камсыз кылат. Колдонуучулар аппараттарды коопсуз сатып ала алышат, анткени эл аралык стандарттарга жооп берген түзүлүштөр гана сатууга уруксат берилет.

Мобилдик түзүлүштөрдү каттоонун бирдиктүү системасы түзүлүштөрдү туура эмес пайдаланууну бир кыйла азайтат, анткени система ишке киргенден кийин кара ниет адамдар тарабынан алдамчылык жана/же террористтик максаттарда колдонулган түзүлүштөр КР мобилдик байланыш тармактарына кирүү мүмкүндүгүнөн ажырап, заматта бөгөттөлөт. Ошондой эле системаны киргизүү телефон аппараттарын уурдоого олуттуу таасирин тийгизет, анткени мындан ары жарандар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылганда система мындай түзүлүштөрдү андан ары колдонууга жана/же КР базарынын ичинде сатууга бөгөт коет.

Импорттоочулар үчүн системанын ишке киришинин кандай пайдасы бар?

Бардык импорттоочулар сатуу үчүн Кыргыз Республикасына алып келген кайсы болбосун мобилдик телефондун кодун каттоого милдеттүү. Түп нуска, коопсуз, бажы жана салык органдарында декларацияланган түзүлүштөр гана катталат, бул салык системасында ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатат, ошондой эле ишкерлер арасында чыныгы атаандаштык чөйрөсүн түзөт.

Аппаратыңызды кантип текшерсеңиз болот?

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн КР ичинде сатып алуу алдында милдеттүү түрдө IMEI-коду боюнча телефондордун аныктыгын жана МИСтеги каттоо статусун текшерүү зарыл. Мындай текшерүү төмөнкү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:

  • www.imei.kg сайтында;
  • Телефондоруңузда *5656# атайын кыска кодун терүү менен;
  • Beeline, Mega 24, О! байланыш операторлорунун тиркемелери аркылуу.

Жеке телефон аппаратын каттоо зарылбы?

Эскерте кетсек, мындан ары Кыргыз Республикасынын рыногунда (анын ичинде дүкөн текчелери жана онлайн базарлар) МИС тарабынан катталган түзүлүштөрдү гана сатууга уруксат берилет. Ошондо, Кыргыз Республикасынын аймагында аппараттарды сатып алуучу адамдар аппараттарды өз алдынча каттоого муктаж эмес.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү байланыш операторлорунун байланыш кызматтарын (SIM-карталарды) пайдаланган бардык уюлдук телефондор МИСде бекер каттоодон өткөн. Системанын толук масштабдуу ишке кириши менен бекер каттоо үчүн жөн гана аппаратыңызда Кыргыз Республикасынын байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, O!) SIM-картасын активдештирүү жетиштүү.

Системаны ишке киргизгенден кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке колдонуу үчүн сатылып алынган бардык уюлдук телефондор (мисалы, эгерде колдонуучулар чет өлкөдөн аппараттарды алып келишсе же аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары онлайн булактардан, мисалы, Wildberries, Ozon, Amazon, Aliexpress ж.б ушул сыяктуу эл аралык базарлардан сатып алышса) www.imei.kg сайтында жарыяланган көрсөтмөлөргө ылайык катталууга тийиш.

Роумингде болгон (чет элдик байланыш операторлорунун SIM-карталарын колдонуу) түзүлүштөр каттоону талап кылбайт.

Пикир

Оставить комментарий