• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Министрлер кабинети өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майын салыктан бошотту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин чечимине ылайык, өлкөгө импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди. Бул тууралуу кеңешмеде айтылды, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

"Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде 14 маселе каралды.

Тактап айтканда, салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий