• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Министрлер кабинети мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.2024. /Кабар/. Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү мекемелеринде окуучулардын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кол койду.

Документ “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамына жана Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча КР министрлер кабинетинин 2024-жылга иш-чаралар планына ылайык иштелип чыккан.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти түзүүдө мүмкүнчүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле оор турмуштук кырдаалда студенттердин тамактануусун колдоого акча каражаттарын караштыруу тапшырылды.

КР Билим берүү жана илим министрлигине 2025-жылдын аягына чейин, коомдук тамактануу тармагында кесиптик билими жок жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш тармагындагы кызматкерлерин сертификациялоо, ошондой эле мектептеги тамактанууну уюштуруу боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясын системалуу түрдө өркүндөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий