• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Министрлер кабинети перспективдүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин жыйынында перспективдүү инвестициялык долбоорлордун тизмеси бекитилди.

Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев белгилегендей, бул тизмеге төмөнкү долбоорлор кирди:

  • энергетика тармагындагы 6 долбоор;
  • туруктуу шаарларды жана айылдарды түзүү боюнча 9 долбоор;
  • өнөр жайдын потенциалын күчөтүү үчүн 3 долбоор;
  • транспорт жана логистика багытында 11 долбоор;
  • туризм багытында 3 долбоор;
  • кен байлыктарды өздөштүрүү боюнча 2 долбоор;
  • ирригация багытында 10 долбоор.

Кадыралиев кошумчалагандай, тизме мындан ары дагы башка маанилүү долбоорлор менен толукталмакчы.

Перспективдүү инвестициялык долбоорлордун катарына “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу жана Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, “Асман” шаарын куруу, регионалдык жолдорду куруу жана аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу кирет, анын ичинде “ар бир айылга чейин жолдор асфальттанат” деген Президенттин тапшырмасы аткарылат, Бедел ашуусу аркылуу трансчегаралык эл аралык автожолду куруу, Куланак жана Казарман ГЭСтери, “Кыргыз Куршевели” туристтик комплексин куруу жана башка масштабдуу тоо кен кластерлери жана ирригациялык долбоорлору бар.

Пикир

Оставить комментарий