• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Министрлер Кабинети жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР конституциялык Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Конституциялык мыйзам КР Министрлер Кабинети жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Конституциялык мыйзам менен КР Министрлер Кабинети жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыялоону камсыз кылуу менен адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону камсыз кылуу жөнүндө өзгөртүү киргизилди.

Бирдиктүү портал укук жаатындагы бардык маселелерди талкуулоо үчүн бирдиктүү аянтча болуп саналат, ал жарандардын мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга катышуусун жеңилдетет. Натыйжада кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын сапатынын жогорулашы күтүлүүдө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий