Министрлер кабинети жалган маалымат таратуу менен башаламандык уюштуруу аракеттерин чечкиндүү айыптайт

Өкмөт 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинети социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу аркылуу улуттар аралык кагылышууну жана башаламандыктарды тутандыруу аракеттерин чечкиндүү айыптайт, ошондой эле эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтарды жокко чыгарат.

Укук коргоо органдары орун алган мыйзам бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Бардык күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбейт жана элибиз эзелтен белгилүү болгон достуктун жана меймандостуктун деминде жашай берет.

Кыргыз Республикасынын бийлиги коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көрдү. Биздин укук коргоо органдары коомдук тартипти бузуу аракеттерин көздөгөндөрдү чечкиндүү түрдө токтотот.

Пикир

Оставить комментарий