• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Министрлер кабинетинде санариптештирүү иш-чараларынын планын жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-2028-жылдарга санариптештирүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында минкаб башчысы санариптештирүү кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун, ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында коомдун, бизнестин жана мамлекеттик башкаруунун турмушунун ар кандай чөйрөлөрүнө санариптик технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу процесс болуп саналарын белгиледи.

Ошондой эле Акылбек Жапаров өлкөдө санариптик жараяндарды тездетүү үчүн санариптик өнүктүрүү боюнча атайын министрлердин орун басарлары түзүлгөнүн, бирок жылыш дагы деле жай болуп жатканын айтты. Минкаб башчысы 2024-2028-жылдарга санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планындагы ушул жылы аткарылууга тийиш болгон 49 иш-чаранын 3 гана иш-чара аткарылганын, калгандары аткаруу стадиясында болуп жатканын сынга алды.

“Учурда бардык кадамдарга карабастан, биз күткөн реалдуу жыйынтыктарды көрө албай жатам. Мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча долбоорлор жай жүрүүдө, ал эми каражаттар толугу менен пайдаланылбай калууда. Кыргызстанда санариптештирүү жай жүрүп жатат, ведомстволор ортосунда координация аз жана олуттуу жыйынтыктар жок. Долбоорлор кечеңдеп жатат, мамлекеттик органдарда техникалык прогресс минималдуу, бул өнүгүүнү жайлатып, үмүттү актабай жатат”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле жыйында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов доклады угулуп, анда санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик органдардын чабал иштери белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинен министрликтерге санариптик трасформацияга катуу көңүл буруу боюнча тапшырмаларды коюп, тиешелүү деңгээлде ишти алып бара албай жаткан жетекчилерге чара көрүлөөрүн эскертти.

“Санариптик өнүгүү боюнча иштердин жыйынтыгын биз отчеттордон эмес, күнүмдүк жашообузда сезишибиз керек. Бир баскычты басуу менен тез жана сапаттуу электрондук кызмат көрсөтүү аркылуу жалпы элибизге санариптик ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий