• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Министрлер кабинетинин 100 күнү: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн 55 долбоору активдүү фазада ишке ашырылууда

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде КРнын министрлер кабинети тарабынан насыялоо аркылуу аялдар ишкерлигин колдоо максатында 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жана колдоого алуу боюнча программа бекитилген.

Мындан тышкары, учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларынан ашуун 55 долбоор активдүү фазада ишке ашырылууда.

«Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолунун курулушу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо боюнча иштер башталды. Жаңы жол аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн куралы болуп бере алат, анткени ал туристтик агымдын көбөйүшүнө жана инвестиция тартууга түрткү берет.

Энергетика тармагында Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айыл аймагында кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станцияларын куруу демилгеси көтөрүлүп, Франциянын TOTAL Eren компаниясы менен күн жана шамал станциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген уруксаат документтердин бирдиктүү электрондук реестри түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду түзүлдү.

2021-жылдын 14-октябрында Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүүсү» инвестициялык форуму өттү. Форумдун алкагында облустун инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган Баткен облусу үчүн бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү.

2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Биринчи Экономикалык Форуму болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий