• 87
  • 90.41
  • 0.84

11-майдан тарта ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук түрдө жүргүзүлөт

Өкмөт 1

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө табышталды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети адамдын өнүгүүсүнө жана жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурушу керек.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү менен таанышты.

Үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тартып министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы боюнча ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Пикир

  • Асель

    Асель 3 years ago

    Пособие эки балага берилеби эч нерсеге карабастан кол тарапта.

Оставить комментарий