• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин башчысы Чүйдөгү бир катар ишканалардын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарында бир катар өнөр жай ишканаларында болду, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин башчысы Токмок шаарындагы «Центр Азия Табак» тамеки продукцияларын, таякчаларды жана электрондук тамекилерди чыгаруучу ишканага барды. Ишкананы ишке киргизүү 2024-жылы күтүлүүдө.

Даяр продукция Кытай, Азия жана Араб өлкөлөрүнө экспорттолот. Заводдо 2 миң жумушчу орун түзүү жана ишке киргизүү 2024-жылга пландалууда. Алгачкы капиталдык салым 100,0 млн АКШ долларын түзөт. Келечекте капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 500,0 млн. АКШ долларына жетет.

Ошондой эле ал, Кемин районундагы Терек-Таш клинкер чыгаруучу заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Заводду үстүбүздөгү жылдын август айында ишке киргизүү күтүлүүдө. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 3800 тоннаны (жылына 1 миллион тоннадан ашык) түзөт. Инвестициялардын жалпы суммасы 160,0 млн АКШ долларын түзөт.

Акылбек Жапаров «Бурана Текстиль» текстиль фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен да таанышты. Ишкана курулушту аяктоо стадиясында турат. Фабрика толук өндүрүштүк кубаттуулукта иштесе, 500гө чейин жумушчу орун түзүүгө болот. Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү 2 миллион долларды түзөт.

Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында «Үмүт и К» сүт азыктарын жана макарон азыктарын чыгаруучу заводго барды. Заводдо 300гө жакын адам иштейт. Учурда бул жерде жашылчаларды кайра иштетүүчү цехтин жана 40 миң тонналык картошка сактоочу комплекстин курулушу жүрүп жатат.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишканаларды ишке киргизүүгө көмөктөшүү жана алардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий