• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында маанилүү чечимдер кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги отуруму болду, анда ондон ашуун маселе каралып, маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Алгач экономика жана финансы тармагында – Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд тууралуу, контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү жобо тууралуу, казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоорлору каралып, жактырылды.

Дагы бир чечим менен билим берүү тармагында, Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору мекемесинин аталышы, министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү. Белгилей кетсек, бул департаменттин иши өзүн-өзү каржылоо негизинде ишке ашырылат, республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт.

Ошондой эле тоо-кен тармагында – товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдеринин аткарылышы жөнүндө отчет берүүсүнүн эрежеси бекитилди.

2024–2028-жылдарга өлкө экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитилди, анын максаты – соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү жолу менен ата-мекендик айыл чарба продукцияларынын экспорттук дараметин тышкы рыноктордо жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле аймактык соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү жолу менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө продукцияларды сатууда жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Мындан тышкары, министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын аймактарында жайгашкан айрым жер участокторунун категорияларын башка категорияларга которуу (трансформациялоо) чечимдери кабыл алынды. Ошондой эле, энергетика тармагындагы маселелердин жалпы концепциясы жактырылды.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан колдоо тапкан чечимдер, жакынкы күндөрү расмий булактарда толугу менен жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий