Ташкент, 02.05.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров иш сапары менен Ташкентке келди.
Аны Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон Өзбекстандын мремьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.
Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынына, ошондой эле III Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат.
Иш-чаранын алкагында эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле энергетика жана курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болот.
Пикир
Оставить комментарий