• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Министрлер кабинетинин төрагасы Ош шаардык мэриясынын коллегиясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэриясынын коллегиясына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө муниципалитеттин 2024-жылда аткарган ишинин жыйынтыгы талкууланып, ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги маселелерин камтыган үстүбүздөгү жылга карата пландары, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорлор талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы өткөн жылы социалдык, экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда жетишилген жыйынтыктарды белгиледи.

Анын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясынын көлөмү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 трлн 523 млн сомду түзүп, өсүш 9%га жеткен. Экономиканын бардык тармактарында көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалууда. Республика боюнча 100дөн ашуун ишкана ачылган. Өткөн жылы ачылган ишканаларга сарпталган инвестициянын жалпы көлөмү 2,2 млрд долларды түзүп, 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев быйыл республикалык маанидеги 100 ишкананын тизмеси аныктала турганын айтып, сөзүн улантты.

Адылбек Касымалиев мэрияга президент тарабынан коюлган бардык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлгө алууну, тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздоону тапшырды.

Минкаб төрагасы Ош шаарынын мэриясына бир катар багыттар боюнча коюлган тапшырмаларды аткарууга алууну, тагыраагы шаардагы жол тыгындарын жана абанын булганышын азайтуу боюнча тийиштүү иш-чаралар планы иштеп чыгуу жана аткарууга алуу, салык кызматы тарабынан 2025-жылга карата коюлган планды толук көлөмдө аткарууну, муниципалдык коомдук транспорт менен тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коомдук транспортто жол акыны накталай эмес электрондук түрдө төлөө системасын киргизүү боюнча иш жүргүзүүнү, энелердин жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу боюнча чараларды көрүүнү, 2025-жылга карата бекитилген министрлер кабинетинин иш-аракеттер планын өз мөөнөтүндө аткарууну, коррупциялык терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана жол бербөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү, “100 өнөр жай – 2025” долбооруна киргизилген өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү үчүн ишкерлерге ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү, ишканаларды ишке киргизүүгө, муниципалдык ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюу үчүн даярдыктарды көрүү тапшырмалары коюлду.

Пикир

Оставить комментарий