Министрлер кабинетинин төрагасынын Венадагы иш сапары аяктады

Өкмөт 0


Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Австриянын Вена шаарындагы иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жетектеген делегация Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумду ийгиликтүү өткөрдү.

Форумда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун сунуштады. Минкаб төрагасы Камбар-Ата-1 ГЭСине «улуттук» макамы берилгенин белгилеп, эл аралык каржы институттарын, инвесторлорду жана компанияларды климаттын күн тартибиндеги заманбап чакырыктарына толук жооп берген энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Форумдун соңунда Камбар-Ата -1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлдү. Ошондой эле бир катар документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий