Министрлер кабинетинин жыйыны өтүп, 20дан ашуун маселе каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчили алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, отурумдун күн тартибине 22 маселе киргизилди.

Алгач министрлер абинетинин мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларынын кошумча кесиптик билим алуусун укуктук жөнгө салуу чечими кабыл алынды. Ага ылайык, кошумча кесиптик билим берүүнү уюштуруунун тартибин жөнгө салган атайын Жобо иштелип чыккан, негизги максаты илимий кызматкерлердин кесиптик потенциалын жогорулатуу.

Андан соң Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан отурумга киргизилген туризм, тоо-кен, күйүүчү-майлоочу май жана салык тармактары боюнча төрт маселе каралды.

Анда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда туризмди өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлор, мыкты тажрыйбалар менен алмашуу, жаңы туристтик маршруттарды түзүү, маркетингдик кампанияларды өткөрүү аркылуу туристтик кызматтарды илгерилетүү сыяктуу ишке ашыруунун ар кандай механизмдерин камтыган чечим кабыл алынды. Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрында Өзбекстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда туризм жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Ошондой эле 2024–2030-жылдарга карата “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программасын бекитүү чечими кабыл алынды. Мамлекеттик программа Кыргызстанда болгон жогорку сапаттуу базальт кендеринин негизинде өнөр жайдын жаңы базальт тармагын түзүүгө, заманбап эл аралык технологияларды, жабдууларды, ошондой эле эл аралык тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистерди жана технологдорду тартуу мүмкүнчүлүгүнө багытталган. Аны ишке ашырууга тиешелүү министрликтер жана административдик ведомстволор квартал сайын отчет берип турууга милдеттендирилди.

Бул багытта минкаб төрагасы Акылбек Жапаров базальт өндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тармакты өнүктүрүү менен эскилиги жеткен куурларды алмаштырууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү мындан тышкары биологиялык ар түрдүүлүктү колдоо, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатындагы минкаб токтомун кабыл алышты. Адистердин белгилөөсүндө өсүмдүктөр дүйнөсүнүн бардык объекттери корголууга жана сарамжалдуу пайдаланылууга тийиш.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы жалпы аянты 1,5 га жер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “башка багыттагы жерлер” категориясына которулду. Эми ал жерге мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод курулуп, 250 жаңы жумуш оруну түзүлөт.

Мындан тышкары, жыл сайын жаңыдан курулган үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө. Ошол себептүү, жарандарга турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү максатында Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймагын кеңейтүү максатында, 60,0 га жер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформациялоо чечими кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Полиэстр жана лайкр кездемесин өндүрүү боюнча заводду куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети менен “Зилан Эверсун Текстиль” ЖЧК ортосунда макулдашууга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий