• 87
  • 90.43
  • 0.88

Айыл чарба министрлиги ташып кирүү этабында товарлардын сапатына көзөмөлдү күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Калктын саламаттыгын коргоо жана Кыргызстандын аймагына сапатсыз жана кооптуу продукцияны ташып келүүнүн алдын алуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ташып кирүү этабында товарлардын сапатына көзөмөлдү күчөтөт.

Ведомстводон билдиришкендей, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган күчөтүлгөн чараларды киргизди.

Мындан улам, департамент ташып кирүү этабында товарлардын сапатына контролду күчөтөт, ал кооптуу организмдердин жана зыяндуу заттардын потенциалдуу коркунучу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт:

- Продукцияга документтерди жана сапат сертификаттарын текшерүүнү кошкондо, чек араларда фитосанитардык контролду күчөтүү.

- Ташылып келинүүчү продукциянын зыяндуу организмдерге жана пестициддердин калдык санына кылдат лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү.

Тышкы экономикалык иштер менен алектенген бардык катышуучуларды белгиленген фитосанитардык талаптарды сактоого жана сертификатталган, сапаттуу продукция менен гана камсыз кылууга чакырабыз,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий