• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Минкаб башчысы өлкөнүн алыскы аймактарына мектеп автобустарын тапшырууга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн алыскы аймактарындагы билим берүү мекемелерине 50 мектеп автобустарын тапшыруу аземине катышты.

Белгилей кетсек, автобустар «Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү коммерциялык эмес автономдуу уюму тарабынан берилген.

«Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эчактан бери бекем өнөктөштүк бар жана биз россиялык кесиптештерибиздин өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз. Бул билим берүү тармагында гана эмес. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иштеп жатат. Биргелешкен долбоорлор, тажрыйба алмашуу, колдоо жана кызматташуу – мунун баары биздин байланыштарды бекемдеп, алдыга жылууга өбөлгө түзөт», — деди Акылбек Жапаров.

Минкаб башчысы билим берүү мамлекеттин бүгүнкүсү да, келечеги да курулган пайдубал экенин баса белгиледи. Ал эми ушуга байланыштуу мамлекет билим берүү тармагын реформалоо жана анын бардык звенолорун жаңылоо боюнча чараларды көрүп жатат. Билим берүүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

2010-жылы мамлекет тарабынан 15 мектеп курулса, 2023-жылы 105 мектеп курулган. Бул убакыттын ичинде балдардын саны дээрлик жарым миллионго көбөйдү.

«2024-жылы биринчи жолу бюджеттен каржылануучу курулуш жана капиталдык оңдоо объектилеринин тизмесине дээрлик 1,5 млрд сомдук 431 билим берүү объектиси кирди. Бул объектилердин саны 2022-жылга караганда эки эсе көп. Эгемендүүлүк алганга чейинки курулуштун көлөмүнө биринчи жолу жеттик. Ошондой эле республикадагы мектептердин учурдагы ремонтуна биринчи жолу дээрлик 400 миллион сом бөлүнгөн, бул өткөн жылдарга салыштырмалуу төрт эсеге көп. Жалпысынан 15 жылдын ичинде билим берүүгө бөлүнгөн бюджет жылына 12 миллиард сомдон 65 миллиард сомго чейин өстү, бул ички дүң продукциянын 5,2%ын түзөт», - деди ал.

Өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан мектептерди жогорку квалификациялуу мугалимдер менен камсыздоонун актуалдуу маселелерине токтолгон Акылбек Жапаров мектеп автобустарын уюштуруу практикасы киргизиле турганын белгиледи.

Салтанатта Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов, ошондой эле Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты – «Евразия» АКУ Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Андан соң иш-чаранын катышуучулары жана коноктору жаңы мектеп автобустарын карап чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий