• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Минкаб башчысы: Мамлекет маданиятты жана спортту өнүктүрүүгө басым жасоодо

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кароодо, акыркы жылдары Кыргызстанда маданият жана спорт тармагын каржылоо кыйла өсүп, 2024-жылы 8 млрд сомго жеткенин билдирди.

"Маданиятты колдоо программасынын алкагында музыкалык аспаптарды, костюмдарды жана спорттук шаймандарды сатып алууга 1,1 млрд сом бөлүнгөн. Мамлекеттик ири иш-чараларды өткөрүү үчүн 786 чарчы метр аянтты ээлеген сахна жана 351 миллион сомго LED экрандар сатылып алынды", - деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, 2024-жылы кино тармагын өнүктүрүүгө 345 милн сом бөлүнгөн. Бул каражаттар "Кыргызфильм" жана "Кыргызсериал" киностудияларынын кино тартууга жана материалдык-техникалык базасын жаңылоого жумшалат. 2025-жылы кыргыз тасмаларын жана сериалдарын тартууга бюджетти мындан ары көбөйтүү пландалууда.

Маданият жана спорт объектилерин оңдоо дагы өкмөттүн көңүл борборунда кала берет. Бул багытта Ош шаарындагы Бабур атындагы драма театры, мамлекеттик цирк жана Орок айылындагы спорт стадион сыяктуу орчундуу объектилерди реконструкциялоонун үстүндө жигердүү иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий