Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинети зордук-зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазаны медициналык документациялоонун эрежелерин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Документ Кыргыз Республикасы тарабынан Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге, жазага каршы Конвенцияны ишке ашыруу жана кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүн натыйжалуу иликтөөнүн жана документтештирүүнүн принциптерин киргизүү максатында кабыл алынган (БУУнун Башкы Ассамблеянын резолюциясы 2001-жылдын 22-фералындагы 55/89 резолюциясына тиркеме).
Пикир
Оставить комментарий