• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Минск шаарында Кыргызстандын кино күндөрү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Күн мурун Минск шаарындагы "Победа" кинотеатрында Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз кино күндөрү салтанаттуу ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган маданий иш-чара Кара-Кыргыз автономтялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Кыргыз кино күндөрү беларус көрөрмандарына кыргыз кинематографиясынын байлыгын жана ар түрдүүлүгүн тааныштырып, кыргыз элинин маданий салттарын, өзгөчөлүгүн жана руханий мурасын көрсөтүүнү көздөйт. Иш-чаранын ачылышына КР маданият министринин орун басары Гүлбара Кадырбекова, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев жана Беларустун маданият министринин орун басары Валерий Громада катышты.

Алар эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоонун маанисин белгилешип, кыргыз киносунун эл аралык маданий алмашуу аянтчасы катары уникалдуулугун баса белгилешти.

Фестивалдын программасы режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" аттуу тасмасы менен ачылды. Аталган тасма азыркы Кыргызстандагы татаал жана толкунданткан учурларды чагылдырат. Программада ошондой эле төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт:

  • "Эсимде" (режиссёр Актан Арым Кубат) — өткөндү эскерүү жана маданий мурасты тереңден түшүнүү темасын камтыйт;
  • "Дарак ыры" (режиссёр Айбек Дайырбеков) — өз ордун жана тамырын издөө тууралуу тасма;
  • "Белек" (режиссёр Дальмира Тилепбергенова) — үй-бүлөнүн жана достуктун баалуулугун чагылдырган фильм;
  • "Акыркы көч" (режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) — кыргыз көчмөндөрүнүн турмушу тууралуу тарыхый тасма.

Кыргыз кино күндөрү аптанын аягына чейин уланып, көрөрмандарды кыргыз кинематографиясынын өзгөчө дүйнөсү менен таанышууга чакырат. Бул фестиваль Минскинин маданий турмушуна чоң салым кошуп, Кыргызстандын маданий байлыктарын ачып берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Пикир

Оставить комментарий