• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Минскте КМШга мүчө-мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча комиссиясынын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинде Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШга мүчө-мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча комиссиялардын (омбудсмендердин) кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын делегациялары катышты. Кыргыз делегациясын Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, учурда комиссиянын төрайымы Асел Чынбаева жетектеп барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар милдеттүү билим берүү тутумунан тышкары калган балдарды коргоо, балалык чөйрөдө далилдүү ыкманы колдонуу, балдар жана өспүрүмдөр менен иштеген адистердин компетенцияларын жогорулатуу, ошондой эле ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча көйгөйлөрдү жана балалык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча чараларды талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар санариптик чөйрөдө балдарды деструктивдүү контенттен коргоо, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды, башка Шериктештиктин мамлекеттеринин, балдарды андан ары алардын жарандыгы болгон мамлекеттерге өткөрүп берүү максатында интернаттык мекемелердеги балдарды көзөмөлдөө жана жарандыкты алуу боюнча мыйзамдык деңгээлде кабыл алынган чаралар боюнча өз өлкөлөрүнүн мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Асел Чынбаева Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо жана аларды мамлекеттик колдоо жаатында коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу, ошондой эле мигранттарды кабыл алуучу коомго интеграциялоо боюнча Иш-чаралар планына сунуштар боюнча баяндама жасады. Ошондой эле, кыргыз тараптын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү куралдуу кагылышуулардан жапа чеккен балдарды репатриациялоо, реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча алдыңкы тажрыйбаны изилдөө маселеси жана Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн ар бир балага камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кошумча баяндамачылар катары чыгышты.

Комиссиянын отурумунун алкагында катышуучулар Минск шаардык Коррекциялык жана өнүктүрүүчү окутуу жана реабилитациялоо борборуна да барышты.

Пикир

Оставить комментарий