Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын уюштуруу-штаттык түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Имаев Мирбек Кожобекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мирбек Имаев Улуттук гвардиянын командачысынын биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги кызматынан бошотулду
15/02/17 16:38 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий