Мирлан Эшенов өспүрүмдөр арасында футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болду

Спорт 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Мирлан Эшенов 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында (U-18) футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Эшенов машыктыруучу кызматына 9-январда КФС аткаруу комитетинин отурумунда бекитилген.

Эскерте кетсек, Мирлан Эшенов 2005-жылга чейинки өспүрүмдөр арасында курама командасын жетектеп келген.

Ал эми Игорь Никитин U-15 өспүрүмдөр арасында футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу болду.

Пикир

Оставить комментарий