• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Мирзиёев Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 25-июнь /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Көп кылымдар бою чыңдалып келе жаткан жакшы коңшулаштыктын, өз ара ишенимдин жана урматтоонун принциптерине негизденген эки тараптуу мамилелерди биргелешкен аракеттер менен келечекте сапаттык жагынан жаңы деңгээлге алып чыга алабыз деп ишенем”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, үй-бүлөлүк эсенчилик жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине – тынчтык, өнүгүү, прогресс жана мындан ары гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий