Мирзиёев: Борбор Азиядагы ар бир өлкө аймакта туруктуулук жана өсүп-өнүгүү болушу үчүн татыктуу салым кошууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 29.11.19. /Кабар/. Борбор Азиядагы ар бир өлкө аймакта туруктуулук жана өсүп-өнүгүү болушу үчүн татыктуу салым кошууда. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунун кеңейтилген курамындагы отурумун ачып жатып билдирди.

"Бул жолугушуу биздин кызыкчылыктар бир экенин, аймактагы кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча бирдиктүү чечим кабыл алууга жана ачык диалогго даяр экенибизди көрсөтүүдө", - деди ал.

Ал белгилегендей, Борбор Азия өзүнүн геостратегиялык абалынан улам кылымдар бою дүйнөлүк процесстердин чордонунда болуп келген.

"Маданий-тарыхый мурастарга бай биздин аймак Европа, Жакынкы Чыгыш, Түштүк жана Чыгыш Азияны бириктирген көпүрө болуп келген. Бул аймакта дүйнө цивилизациясынын өнүгүшүнө баа жеткис салымын кошкон гуманисттер, окумуштуу, ойчул жана акындар жашаган", - деди ал.

Белгилей кетсек, экинчи Консультативдик жолугушууга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышууда.

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында Казакстанда болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий