• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мирзиёев менен Путин БАдагы кырдаалды талкуулап, Бишкек жана Душанбенин келишимин колдошту

Дүйнө 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Россиянын президенти Владимир Путин кечээ сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Борбор Азия аймагындагы абалды талкуулашты.

Мирзиёев жана Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу тууралуу Бишкек жана Душанбе келишимин колдошту. Ошондой эле президенттер абалды мындан ары турукташтырууга колдоо көрсөтүүгө толук даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин башчылары коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө иргелешкен аракеттерди талкуулашты, деп билдирет Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө коронавирус пандемиясына каршы бирдиктүү күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, эки өлкөнүн лидерлери россия вакцинасын Өзбекстандын аймагында өндүрүүнүн келечегин карашты.

Сүйлөшүү учурунда президенттер Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгын майрамдоого байланыштуу бири-бирин куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий