• 87
  • 90.41
  • 0.84

ММК фонду майыптыгы барлар үчүн жеңилдетилген медкызматтар тууралуу эскертет

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген категорияга киргизилгенин жана бир катар медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана мамлекеттик көп профилдүү стационарлардан акысыз алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эскертет.

ҮМБда акысыз кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • дарыгердин консультациясын жана дайындоосун;
  • эмдөөнү;
  • ийне саюуну (дарыларды жана шприцтерди бербестен);
  • лабораториялык изилдөөнү;
  • физиотерапия жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү;
  • күндүзгү стационарда дарыланууну (дарыны, системди жана шрпицтерди бербестен).

Бул кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • жашаган жери боюнча ID-картасы менен үй-бүлөлүк дарыгерге катталууну;
  • жеңилдик статусун (КР МСЭК) ырастаган документтин болушун;
  • изилдөөгө берилген дарыгердин жолдомосу.

Медикаменттерге жана изилдөөлөргө жеңилдетилген шарттар

Майыптыгы бекитилген тизмеден дарыларга төмөнкүдөй арзандатууларды ала алышат: бронхиалдык астма жана терминалдык стадиядагы онкология сыяктуу өнөкөт ооруларга каршы дары-дармектерге 90%га чейин жана башка ооруларга 50%га чейин. Ошондой эле УЗИге жана рентгенге 50%га чейин арзандатуу каралган.

Мамлекеттик стационарларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр

Майыптыгы бар адамдар жылына эки жолу кошумча акы төлөбөстөн ооруканага жаткырылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда кечиктирилгис жардам акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле дары-дармектер, анализдер жана наркоз астында операциялар менен камсыз кылуу да каралган.

Өтө маанилүү! Дарыгердин жолдомосу же жеңилдигин ырастоочу документи жок учурда кызмат көрсөтүүлөр ҮМБда баалардын прейскуранты боюнча стационарда максималдуу белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.

Эгерде суроолор болсо ММКФнын күнү-түнү иштеген “113 ишеним телефонуна” чалыңыздар. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

Пикир

Оставить комментарий