• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ММК полиси болгон учурунда кандай кошумча кызматтар көрсөтүлөт?

Ден соолук 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Мирланбек Шабданов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси болгон учурунда кандай кошумча кызматтар көрсөтүлөрү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кошумча кызматтарга амбулаториялык деңгээлде 40тан ашык лабораториялык-диагностикалык жана аспаптык изилдөөлөр кирет:

- баалардын прейскуранты боюнча 50%га чейин арзандатуу менен физиотерапия, укалоо, дарылоочу дене тарбия, күндүзгү стационарда дарылоо (тамчылаткычтар, инъекциялар – булчуңга, кан тамырга);

- төмөнкү учурларда жеңилдетилген 500 дары-дармек каражатына жана медициналык буюмдарга 50%га чейин арзандатуу берилет: жүрөк-кан тамыр ооруларында (артериялык гипертония, миокард инфаркты ж.б.); кан ооруларында (анемия), өпкө ооруларында (бронхиалдык астма), ичеги-карын ооруларында (ашказан жарасы, он эки эли ичегинин жарасы, өнөкөт гастрит), нерв системасы (талма), кант диабетинде, онкологиялык ооруларда, мите курт ооруларында жана башка;

- стационарга жаткырууда камсыздандырылгандар кошумча төлөмдүн орточо деңгээлин төлөшөт, камсыздандырылбаган жарандар дарылануунун толук наркын төлөшөт.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы үчүнчү окууда кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий