• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ММКФ 50%га чейин арзандатуу менен сатыла турган дары-дармектин маалымдамасын жаңылады

Ден соолук 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2024-жылдын 1-июлунан тартып жаңыланган "Дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун жеңилдетилген программалары боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын маалымдамасын" ишке киргизди.

Фонддон билдиришкендей, ага ылайык камсыздандырылган жарандар дары-дармектерди 50%га чейин арзандатуу менен сатып ала алышат.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган жаңыртылган колдонмо төмөнкү өзгөртүүлөрдү камтыйт.

1. Компенсациянын өлчөмүн түзүүнүн жаңы методикасы:

  • Компенсациянын өлчөмүн аныктоонун негизине дары-дармек каражаттарынын бекитилген чекене бааларын талдоо жана салыштыруу кирди.
  • Эл аралык көрсөткүчтүн Бир күндүк стандарттык дозасынын (БСД) наркын эсептөө дары-дармек каражаттарын өндүрүүчүгө, дозасына жана фасовкасына карабастан салыштырууга мүмкүндүк берет.
  • Таасир этүүчү заттын минималдуу баасы катары референттик бааны аныктоо, анын негизинде компенсациянын өлчөмү эсептелет.
  • Референттик баага карата компенсациянын 1.0 жана 0.5 коэффициенттери колдонулат.

2. Ассмортиментти өзгөртүү:

  • мамлекеттик каттоодон өтпөгөн, турмуштук маанилүү дары-дармек каражаттарынын улуттук тизмесине кирбеген (мисалы, ацетилцистеин, празиквантел жана башкалар) же каттоо мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер тизмеден чыгарылды;
  • резистенттик (каршылык) потенциалы жогору антибактериалдык каражаттар алынып салынат (мисалы, ципрофлоксацин, эритромицин);
  • 16 жаңы эл аралык дары-дармектердин аталыштары кошулду (амоксицилин+клавулон кислотасы, сульфаметоксазол+триметоприм, нитроспрей жана башкалар).

3. Балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн дары-дармек каражаттары:

  • 6 жашка чейинки балдар үчүн компенсациянын өлчөмү референттик баага барабар дары-дармектер аныкталды;
  • сироптогу жана тамчылардагы Темир препараттары, калий йодид препараттары, фолий кислотасы кош бойлуу аялдар үчүн да референттик баанын өлчөмүндө белгиленген.

Маалымдама баа – бул жеңилдетилген программалар боюнча дары-дармектер үчүн компенсациянын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулган базалык баа. Бул баа чекене эмес жана дары-дармектерди сатып алууда пациент канча кошумча төлөшү керектигин аныктоо үчүн эсептөөдө колдонулат.

Орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын жаңыланган маалымдамасы ММКФ сайтында жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий