• 86.8
  • 91.4
  • 0.83

ММКФ жаӊы бюджети талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) жаӊы бюджетин талкуулоого арналган «тегерек столдун» жүрүшүндө калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Алсак, алардын бири Мамлекеттик кепилдиктер боюнча программаны ишке ашыруу жүрүмүндөгү республикалык бюджеттин тартыштыгы болуп саналат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары, ММКФ жетекчиси сыркоолдордун расмий эмес дарылануу чыгымдары, коммуналдык кызмат акыларынын көтөрүлүшү, карыз туумдары менен айыппулдарды төлөө, саламаттык сактоо тармагындагы каржылык башкаруунун төмөн деӊгээли, андагы материалдык-техникалык базанын начардыгы, бюджеттен каржылоо иштеринин кечеӊдеши сындуу көйгөйлөрдү белгиледи.

Дүйнөлүк банктын сунуштамалары менен тааныштырган каржы маселелери боюнча эксперт Ваграм Аванесян ММКФ бюджетинин түзүмүнүн незгиги принциби баардык каржы булактарын, тагыраак айтканда, мамлекеттик бюджет каражаттарын, камсыздандыруу төгүмдөрүн, кошо төлөм каражаттарын топтоштуруу болуп санала турганын баса белгиледи.

Ал эми ММКФ төрагасы Марат Калиев 2018-жылга карата ММКФ бюджети 13 млрд 27 млн сом, ал эми 2019-жылга 13 млрд 274 млн сом, 2020-жылга 13 млрд 551 млн сом көлөмүндө каралып жатканын белгиледи. «ММКФ фонду негизинен камсыздандыруу корунан, анан республикалык бюджет менен Соцфонд каражатынын эсебинен түзүлөт. Бюджеттен тышкары түшкөн кирешелерди камсыздандыруу корун толтурууга которуу чарасы сунушталууда», - дейт ал.

Андан сырткары, 2018-жылы ММКФ тарабынан пайдаланылбай калган каражат калдыгын республикалык бюджетке кайра албастан, камсыздандыруу корун толтурууга которуу сунушу да киргизилип жатканы белгилүү болду.

Иш-чарада каралган маселелерди жыйынтыктаган Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев «тегерек столдун» башкы максаты ММКФ бюджетин түзүү жүрүмүндөгү мамлекеттик каржыны башкаруу чѳйрѳсүндѳ укуктук мамилелерди жѳнгѳ салуу чараларын ишке ашыруу болуп саналарын белгиледи. Ал иш-чара жүрүшүндө айтылган ой-пикирлер менен сунуштамалар эске алына турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий