Молдогазиев жана АКШ мамкатчысынын жардамчысы виза берүү процессин жөнөкөйлөтүү маселесин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Вашингтондо Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы ар жылдык эки тараптуу консультациялардын 5-жыйынын ийгиликтүү өткөрүштү

КР ТИМден билдиришкендей, жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультациялардын алкагында Кыргызстан менен АКШ делегациялары саясат, коопсуздук, экономиканы диверсификациялоо жана мыйзам үстөмдүгү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулап, ошондой эле эки тараптуу жана аймактык максаттарга жетүү үчүн келечектүү багыттарын аныкташты.

Тактап айтканда, АКШ Борбордук Азиядагы тынчтыктын жана коопсуздуктун негизги факторлорунун бири катары эл аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын аракеттерин кубаттады. Жолугушуунун катышуучулары эки өлкөнүн жарандары үчүн визаларды берүү процессин жөнөкөйлөтүү жана алардын жарактуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар мындан ары америкалык инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын экспортун АКШнын рыногуна жылдыруу, туризм тармагында кызматташуу, англис тили боюнча программаларды жайылтуу жолдорун карашты.

Консультациялардын жыйынтыгында эки тарап жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультациялардын кезектеги раундун Бишкекте өткөрүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий