Молдогазиев Европа биримдигинин институттарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Брюссель шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Европа биримдигинин институттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо максатында уюштурулду.

Европалык тышкы иштер кызматынын башкы катчысынын орун басары Э.Мора, ошондой эле Европа кеңешинин президентинин дипломатиялык кеңешчиси М.Штайнберга менен орун алган жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташуунун кеңири чөйрөсүн тараптар талкуулашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу темаларга токтолушту. Кыргыз тарап Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, экономикадагы жетишкендиктер, ошондой эле мамлекеттин мындан аркы динамикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Тараптар соода, инвестиция, санариптештирүү, билим берүү жана инновация тармагындагы кызматташтыкты арттыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантуу боюнча өз ара макулдашууга жетишти.

Мындан тышкары, жогорку жана бийик деңгээлдеги мурда жетишилген макулдашуулар ишке ашыруунун динамикасын канааттануу менен тараптар белгилешти, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги, анын ичинде түзүлгөн механизмдеринин алкагындагы эки тараптуу жана аймактар аралык өз ара аракеттенүүнүн байланыштарынын календардык графигин карап чыгышты.

Кыргыз тараптын визалык режимди жөнөкөйлөтүү, анын ичинде кыргызстандык студенттер үчүн анын баасын төмөндөтүү өтүнүчүн Европалык тарап изилдеп көрүү даярдыгын билдирди.

2024-жылдын башында өткөн Инвесторлор форумунун жыйынтыктарын талкуулап, тараптар түзүлүп жаткан атайын координациялык платформанын алкагында транспорттук байланышты чыңдоо боюнча ишти улантуу ниетин билдиришти.

Сапардын алкагында Европа комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы башкармалыгында да жолугушуу орун алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле гидроэнергетика жана экология жаатындагы биргелешкен иш-чаралар боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да жемиштүү кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий