• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Молдогазиев Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франциянын ЕККУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 11-ноябрда КР Тышкы иштер министрлигинде Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франциянын ЕККУдагы туруктуу өкүлдөрү Нил Буш, Геза Бройтигам, Майкл Карпентер жана Кристин Фаж менен жолугушуу өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЕККУнун алкагында 3 тармак (согуштук-саясий, экономикалык-экологиялык, адам укуктары) боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Тагыраак айтканда, А.Молдогазиев Кыргызстанда коррупцияга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо, экология жана демократиялык институттарды бекемдөө боюнча ЕККУ менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп өттү.

Өз учурунда Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франциянын өкүлдөрү ЕККУнун алкагындагы кызматташуунун жогорку деңгээлин жана Кыргызстандын демократиялаштыруу, шайлоо процесстерин, мыйзам үстөмдүгүн, сөз эркиндигин жана адам укуктарын жетилтүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктерин жактарын билдиришип, ЕККУнун 3 чөйрөсү боюнча колдоо көрсөтүүнү улантарына ишендиришти.

Мындан тышкары, тараптар аймактык күн тартиптеги маселелерди, тактап айтканда, Борбордук Азиядагы интеграциялашуу процесстерин жана аймактагы мамлекеттер дуушар болуп жаткан коопсуздук жаатындагы чакырыктар жана коркунучтар, ошондой эле ЕККУнун аларды чечүү боюнча инструменттерин жана механизмдерин колдонууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий