Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат 0


Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга 12-13-июнь күнү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, сапардын алкагында Монголиянын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

"Жээнбеков менен Баттулганын жолугушуусунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги темаларын белгилешет", - деди ал.

Ошондой эле, Ата-Бейит мемориалдык комплексинде гүлчамбар коюу аземи, Монголиянын Бишкектеги элчилигинин расмий ачылышы өтөт.

"Учурда 14 документ даярдалып жатат. Биз 7-8 документке кол коюлат деп божомолдоп жатабыз. Алар саламаттык сактоо, экономика, коопсуздук жана аймактык кызматташуу тармагында болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий