• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Монополияга каршы кызматы көмүр сатууда 66 мыйзам бузуу фактысын аныктады

Коом 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр сатууда 66 мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилишине байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республиканын аймактары боюнча 101 иш сапар жүргүзүп, көмүр сатуучу 307 рынок субьектилерин камтыган.

Рейддин жыйынтыгында монополияга каршы мыйзамдардын бузулушунун алдын алуу боюнча 256 билдирүүлөр берилип, 66 мыйзам бузуу фактылары аныкталып, КР мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча кагаз жүзүндөгү талаптар (предписание) коюлган, мыйзам бузууларды четтетпеген субъекттерге 8 айыппул салынды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий