• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Москва районунда 35 жаштагы эркек киши бакка асынып алган — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Чүй облусундагы Москва районунда 35 жаштагы эркек киши асынып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү саат 18:26лар чамасында куткаруучуларга Москва районунун Петровка айылындагы үйлөрдүн биринин короосундагы бакка славян улутундагы 35 жаштагы эркек киши асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн алып түшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий