• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Москва районунда абакка бара турган жолдогу көпүрөнүн курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районундагы №16 түзөтүү колониясына алып бара турган унаа жолдогу көпүрөнүн курулуш иштери толук аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жолдун 390 метри асфальт-бетондолду, анын ичинен 45 метри көпүрө. Көпүрөдө жол чийимдери чийилип, темир-бетон тосмолору орнотулуп, сырдоо иштери аткарылды. Учурда каттам берилди.

Тиешелүү жумуштарды “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын №1 Жол курулуш башкармалыгы жасады. План боюнча 650 метр жолду оңдоо каралган. Калган 290 метрге асфальт төшөө иштери жазында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий