• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Москва районунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Москва районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, кезектеги "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Бул Чүй облусунда саламаттык сактоо уюмдарынын базасында ачылган сегизинчи мамлекеттик аптека жана учурда республика боюнча жалпысынан 87 дарыкана иштеп жатат.

Министр өз сөзүндө жыл аягына чейин республика боюнча 100 "Эл-Аман" мамлекеттик дарыканасын ачуу пландалууда, алар калкты эң арзан баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздайт.

Бүгүнкү күндө "Эл Аман" мамлекеттик дарыкана тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөр менен кызматташат.

Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт. "Эл-Аман" мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20%га төмөн.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер "Эл Аман" дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен элге сатылат.

Пикир

Оставить комментарий