• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Москва районунда ооруканаларды модернизациялоо жана дарыгерлерди колдоо маселеси талкууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Москва районунун акими Ниязбек Козуев менен бирге райондук Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда оорукананын бөлүмдөрүн жана аймагын кыдырып, ошондой эле Садовое айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) авариялык абалда турган имарат таанышты.

Москва райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Болот Шеримбаев министрге райондогу саламаттыкты сактоо тармагындагы учурдагы абал боюнча маалымат берди. Райондо 113 миң адам жашайт, анын 38 миңи 14 жашка чейинки балдар. ЖДПБнын түзүмүнө 8 ҮДТ жана 19 ФАП (фельдшердик-акушердик пункттар) кирет. Борбордо 8 бөлүм бар, аларда дарылангандардын саны 75%ды түзөт. Медициналык борбордун муктаждыктары үчүн дары-дармектер жана медициналык буюмдар "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы аркылуу сатылып алынат жана учурда дары-дармектер жетиштүү.

Болот Шеримбаев өлкө жетекчилигине жана саламаттык сактоо министрине медицина кызматкерлерине колдоо көрсөткөндүгү, өзгөчө эмгек акынын жогорулашына ыраазычылык билдирди. Айлык көтөрүлгөндөн кийин ЖДПБ 2 хирург жана 3 реаниматолог менен толукталып, алар июль айынан бери 20 миң сомдон кошумча төлөмдөрдү алып жатышат. Ошондой эле жамаатка дагы 5 адис (гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер, инфекционист) кошулду.

Иш сапардын жүрүшүндө ЖДПБда болуп жаткан көйгөйлөр айтылды. Алардын негизгилеринин бири – терапевттик бөлүмдүн имаратынын авариялык абалы, ошондой эле Садовое айылына ҮДТ үчүн жаңы имарат куруу зарылчылыгы.

Иш сапардын жыйынтыгында Алымкадыр Бейшеналиев терапевтик бөлүмдүн жаңы имаратын куруу маселеси 2025-жылга карата долбоорлордун титулдук баракчасына киргизилээрин билдирди. Садовое айылындагы ҮДТ үчүн жаңы имараттын курулушу "Ас-Сафа Центр" кайрымдуулук фондунун жардамы менен ишке ашырылат.

Саламаттык сактоо министри медициналык инфраструктураны жаңылоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, калкка сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн аймактардагы медициналык мекемелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий