Москва районунда өрттөн бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Москва районунда өрттөн бир адам 2-даражадагы күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Москва районунун Ак-Суу айылындагы Фрунзе көчөсүндө аянты 60 чарчы метр болгон убактылуу жашоочу жай жана тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган Ш.Д. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк алып, тез жардам кызматы тарабынан райондук ооруканага жеткирилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий