• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Москва районунда “Тулпар моторс” автоунаа чогултуучу заводу ачылды

Экономика 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда “Тулпар моторс” автоунаа чогултуучу заводунун расмий ачылышы өттү.

Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жана UzAuto Motors компаниясынын башкы директору Бу Андерссон катышты.

Долбоор Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун аркасында ишке ашты.

Жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чогултуучу заводдон чыгарылган автотранспорттор Кыргызстандын керектөөсүн камсыздайт, өзгөчө автобустар мектеп окуучуларын ташууга багытталат. Ошондой эле автотранспорттор Орто Азия мамлекеттерине экспорттолот.

Белгилей кетсек, ишмердүүлүгү автоунааларды чогултууга багытталган заводдун курулушу 2023-жылдын майында башталган, анын жалпы аянты 4,5 га жер. Жумушчулардын саны 5 жыл аралыгында 1400 адамга жетээри пландалууда. Ал эми, бул долбоорду ишке ашырууга инвестициянын жалпы суммасы эки баскыч менен 110 млн доллар жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий