• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Москва районунун делегаты Калкты тейлөө борборун жана маданият үйүн куруу зарылдыгын айтты

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда Калкты тейлөө борборун жана Беловодск айылында маданият үйүн куруу зарыл. Мындай пикирин аталган райондон келген делегат Жаныш Осумкулов Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдын экинчи күнүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда Калкты тейлөө борбору Кыргызтелекомдун имаратында иш алып барууда. Ал эми Беловодск айылынын авариялык абалдагы маданият үйүнүн маселеси үчүнчү жолу Элдик курултайда көтөрүлүп жатат.

"Москва районунда 104 миңден ашык тургун жашайт. Мындан улам Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратын куруп берүүнү суранабыз. Азыр Калкты тейлөө борборунун имараты болбогондугуна байланыштуу Кыргыз телекомдун имаратында жайгашкан. Ошол жерден Калкты тейлеп жатышат. Жаңы тейлөө борбору ачылса, калктын кезеги азайып, жашоочуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Ошондой эле экинчи маселебиз, Беловодск айылында авариялык абалда турган маданият үйүнүн маселеси дагы да чечиле элек. Биз буга чейин Элдик курултайдын 2022-жылы, 2023-жылы өткөн жыйынында айтып чыкканбыз. Иш-чараларды уюштурууда маданият үйүнүн жоктугу кыйынчылык жаратат. Жаңы маданият үйүн куруп берүүнү да өтүнөбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий