• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Москва жана Бүткүл Русь Патриархы Кирил Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Москва жана Бүткүл Русь Патриархы Кирил Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Сиздин 60 жылдык мааракеңизге байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Бийик кесипкөйлүк жана өзгөчө башкаруучулук жөндөм көрсөтүү менен Сиз көп жылдардан бери өз өлкөңүз үчүн эмгектенип келесиз. Сиз олуттуу социалдык-экономикалык маселелерди чечип, коомдук туруктуулукту, улуттар аралык ынтымакты жана биримдикти камсыз кылууга камкордук көрөсүз.

Өткөн жылы Кыргызстанга барганда мага көрсөтүлгөн меймандостукту жылуу сезимдер жана канааттануу менен эскерем. Орус Православ Чиркөөсүнүн Бишкек епархиясынын ишмердигине көңүл бурганыңыз жана жакшы мамилеңиз үчүн Сизге ыраазылык билдиргим келет.

Мамлекеттик бийлик органдарынын, салттуу диндер өкүлдөрүнүн жана ар кандай коомдук уюмдардын ортосундагы жемиштүү кызматташтык мындан ары да республиканын жарандарынын турмушунда бийик руханий-адептик баалуулуктардын, сүйүүнүн, кайрымдуулуктун, тынчтыктын жана адилеттиктин көөнөрбөс идеалдарынын бекемделишине өбөлгө болот деп ишенем.

Сизге бекем ден-соолук жана узун өмүр, Кудайдын колдоосун жана жооптуу Президенттик ишиңизде албан ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет Москва жана Бүткүл Русь Патриархынын куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий